2026-жылдын 6 - ноябрда ЭАМФ нин ЛКУ-1-26 тайпасында Россиянын тарыхы» дисциплинасы боюнча «Россия Петр I башкаруу мезгилинде» деген темада ачык сабак өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер Пётр I башкарган доордогу (1682–1725-жж.) маанилүү тарыхый окуялар, мамлекеттик реформалар, армияны жана флотту өнүктүрүү, өнөр жай, илим жана билим берүү тармактарындагы өзгөрүүлөр менен таанышышты. Өзгөчө көңүл Пётр Iнин Россия мамлекетин чыңдоодогу, Санкт-Петербург шаарын негиздөөдөгү, өлкөнү жаңылоодогу жана Россияны Европадагы ири державалардын бирине айландыруудагы ролуна бурулду. Ачык сабак презентациялардын, тарыхый материалдардын, суроо-жооптордун жана талкуулардын негизинде интерактивдүү форматта өттү. Студенттер сабакка активдүү катышып, өз билимдерин көрсөтүп, Россиянын тарыхына болгон кызыгууларын билдиришти.Ачык сабак студенттердин тарыхый билимин кеңейтүүгө, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана тарыхый мураска урмат-сый менен мамиле кылууга өбөлгө түздү.