Жанылыктар

Студенттердин өз алдынча иштери: натыйжалуу окутуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

2026-жылдын 7-ноябрында Котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Рыскулова Н., Осмонова Э., Аманова А. жана Алымкул кызы З. тарабынан «Студенттердин өз алдынча иштерин (СӨАИ) уюштуруунун заманбап ыкмалары» аталышындагы методикалык семинар өткөрүлдү. Семинар окутуу процессин өркүндөтүүгө, студенттердин өз алдынча билим алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап педагогикалык ыкмаларды натыйжалуу колдонууга багытталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин өз алдынча иштерин пландаштыруу, кызыктуу жана практикалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана билим жыйынтыктарын объективдүү баалоо маселелери талкууланды. Ошондой эле окутуучулар өздөрүнүн педагогикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин жоопкерчилигин, чыгармачылыгын жана өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган пайдалуу сунуштарды ортого салышты. Семинар кесиптик тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды талкуулоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.
253 13:25 08-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|