Новости

ОшМУнун Айыл чарба колледжине заманбап LOVOL 354 трактору тапшырылды.

ОшМУнун Айыл чарба колледжине заманбап LOVOL 354 трактору тапшырылды Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жана «МТС ЛОВОЛ» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору Руслан Маликовичтин катышуусунда Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжине LOVOL 354 үлгүсүндөгү заманбап трактордун ачкычы тапшырылды. Бул иш-чарада колледждин директорунун милдетин аткаруучу Сарыева Салмахан Тагаевна окуу жайдын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан ыраазычылык билдирип, колледжди колдогон өнөктөштөргө терең ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендигин белгиледи. Ал эми айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө заманбап техникаларды өздөштүргөн, аларды практикада иштете алган билимдүү жана кесипкөй механик-техник адистерди даярдоо өзгөчө мааниге ээ. Колледжге тапшырылган жаңы трактор студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана келечектеги адистерди даярдоо үчүн сапаттуу шарттарды түзүүгө чоң өбөлгө болот. ОшМУнун Айыл чарба колледжи заманбап материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана эмгек рыногунун талабына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытында максаттуу иштерди улантат.
165 07:08 09-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|