Новости

Айыл чарба колледжинде тажрыйбалуу ветеринардык дарыгер Жунус Исмаиловдун конок лекциясы ветеринария адистигине өткөрүлдү.

Айыл чарба колледжинде тажрыйбалуу ветеринардык дарыгер Жунус Исмаиловдун конок лекциясы ветеринария адистигине өткөрүлдү Бүгүнкү күндө айыл чарба багытындагы адистерден бир гана теориялык билим эмес, өндүрүштү жана жеке ишкердикти туура башкаруу көндүмдөрү да талап кылынат. Ушул максатта, студенттерге практикалык тажрыйбаны жайылтуу жана мотивация берүү максатында 2026- жылдын 6- ноябрь күнү Кесипке багыт берүү ПЦКсында ветеринария адистигине атайын конок лекциясы уюштурулду. Бул маанилүү кесиптик жолугушууга колледждин директору С. Т. Сарыева, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М. Зулпукарова, Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы, б.и.к. А. Н. Халмурзаев, ошондой эле ветеринария адистигинин окутуучулар жана келечектеги ветеринар адистери — студенттер катышышты. Конок лекциянын башкы спикери, көп жылдык тажрыйбасы бар Мады айылынын ветеринардык дарыгери Жунус Исмаилов “Ийгиликтүү ветеринардык ишкердике жетишүү” деген темада ветеринария тармагында жеке ишкердикти түптөөнүн жолдору, кардарлар менен иштешүүнүн сырлары жана заманбап мал чарбачылыгындагы суроо-талаптар тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаш адистерге окууну аяктагандан кийин кантип ийгиликтүү ишкерлик баштоого болорун өзүнүн реалдуу тажрыйбасынын негизинде айтып берип, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы Халмурзаев А. Н. мындай конок лекциялар студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, эмгек рыногунда өз ордун табууга чоң өбөлгө түзөрүн баса белгилешти. Жолугушуу абдан жандуу, суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар үчүн жогорку деңгээлде пайдалуу өттү.
167 09:02 09-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|