News

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинде ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү

2026-жылдын 5-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде «Ата-бабаларды эскерүү — тарыхты урматтоо, келечекке жоопкерчилик» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын уюштуруучулары болуп «Коомдук илимдер жана АЧД» предметтик-циклдик комиссиясынын (ПЦК) окутуучулары Маматов А., Садыкова М. жана Токторова К. Иш-чаранын негизги максаты — тарыхый эс тутумду сактоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана кыргыз элинин тарыхый мурасына урмат-сый менен мамиле кылууга үндөө болду. Конференцияга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (ЭББПК), Индустриалдык-педагогикалык колледжинин (ИПК), Инновациялык STEM колледжинин жана Финансы-юридикалык колледжинин студенттери катышты. Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери Абжалиева Б., Жамалдинова А. жана Нурмаматова А. кыргыз элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн көрүнүктүү инсандар тууралуу баяндамаларды жасашты. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери Ысманова Н,Жолдубаева жана Инновациялык STEM колледжинин студенттериМадинова А,Равшанбекова кыргыз элинин тарыхында жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында маанилүү роль ойногон тарыхый инсандар тууралуу презентацияларды сунушташты. Ал эми Финансы-юридикалык колледжинин студенттери Ата Мекендин эркиндиги жана жерин коргоо үчүн согуш талаасында курман болгон баатырлар тууралуу баяндамаларды окушту. Конференциянын жүрүшүндө тарыхый эс тутумду сактоо, муундар ортосундагы уланмалуулук жана жаштардын өлкөнүн руханий жана маданий мурастарын сактоодогу жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды. Катышуучулар пикир алмашып, тарыхты үйрөнүү жаш муундун улуттук аң-сезимин калыптандырууда маанилүү экендигин белгилешти. Иш-чаранын соңунда конференцияга активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттары тапшырылды.
213 05:14 10-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|