УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» УҢГУЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА АЧЫК КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ.
09:25
10-11-2026
99
2026-жылдын 10-ноябрында ОшМУнун Айыл чарба колледжинде «Кесипке багыт берүү» ПЦКсынын окутуучусу, ВТс9-1-25 (контракт) тайпасынын куратору Ыкыбал Сыдык кызынын уюштуруусунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгулуу концепциясынын алкагында «Экологиялык азык-түлүк коопсуздугу – дени сак жашоонун уңгусу» аттуу ачык куратордук конок лекция өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары М. Зулпукарова ачып, конок лекторду катышуучуларга тааныштырды. Конок катары Финансы-юридикалык колледжинин Табият таануу ПЦКсынын окутуучусу Кудайберди кызы Зейнеп чакырылып, теманын алкагында мазмундуу баяндама жасады.Лекцияга ВТс9-1-25 (контракт) тайпасыны Агрономия адистигинин жана ВТс9-1-25 (бюджет) тайпасынын 1-курс студенттери катышты.Конок лектор Кудайберди кызы З. экологиялык таза жана коопсуз азык-түлүктүн адам ден соолугу үчүн маанисине, туура тамактанууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана сергек жашоо образына кеңири токтолду. Иш-чара суроо-жооп, командалык тапшырмалар жана кызыктуу талкуулар менен коштолуп, студенттердин активдүү катышуусуна шарт түздү.Ачык конок лекция студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого, дени сак жашоо маданиятын калыптандырууга жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгулуу концепциясынын идеяларын турмушта ишке ашырууга багытталды.