КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИНДЕ ЖАЛПЫ ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ!
12:40
10-11-2026
165
ОшМУнун Курулуш колледжинде директор М.Т. Тентимишовдун катышуусунда жалпы окутуучулардын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө колледждеги окуу-тарбия иштеринин учурдагы абалы, окуу процессин уюштуруу, студенттердин сабакка катышуусу, билим сапатын жогорулатуу, тартип жана ички эмгек тартибин сактоо маселелери каралды.
Ошондой эле окутуучулардын алдыдагы иш-пландары, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйындын соңунда тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы боюнча милдеттер белгиленди.
Максат — сапаттуу билим, жоопкерчиликтүү мамиле жана бирдиктүү жамааттык иш!