Доцент А. К. Нурбаева фортепиано сабагы боюнча ачык сабак өттү
08:15
12-11-2026
77
«Негизги музыкалык аспап — фортепиано» сабагы боюнча ачык сабак өткөрүлдү.
2026-жылдын 27-октябрында Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын доценти А. К. Нурбаева тарабынан «Негизги музыкалык аспап — фортепиано» дисциплинасы боюнча 1-курстун студенти Сайдахматова Аруукеге жекече формадагы ачык сабак өткөрүлдү.
Сабактын илимий-методикалык мазмуну келечектеги музыка мугалиминин аткаруучулук чеберчилигин жана педагогикалык компетенцияларын калыптандырууга багытталып, төмөнкү триадалык максаттарды көздөдү:
• Билим берүүчүлүк максаты: Студенттин фортепиано аспабында оң жана сол кол үчүн жазылган техникалык көнүгүүлөрдү, гаммаларды жана чакан формадагы музыкалык чыгармаларды өздөштүрүүсүн камсыз кылуу. Ошондой эле ритм, метр, темп жана такт өлчөмдөрүнүн музыкалык драматургиядагы теориялык маанисин жана эки колду координациялоонун аткаруучулук эрежелерин үйрөтүү.
• Тарбиялоочулук максаты: Аспапта эркин аткаруу жана вокалдык-хордук коштоо көндүмдөрүнө ээ болгон кесипкөй музыка педагогун даярдоо. Дүйнөлүк классикалык жана профессионалдык музыкалык искусствого болгон эстетикалык табитти калыптандыруу; полифониялык жана ар кандай жанрдагы чыгармалардын көркөм образын, аткаруу техникасын илимий-усулдук деңгээлде талдай билген адисти тарбиялоо.
• Өнүктүрүүчүлүк максаты: Ноталык текстти эркин окуу сабаттуулугун, музыкалык-угуу анализин жана аткаруучулук аппараттын (манжалардын) тактыгын, эркиндигин өнүктүрүү. Динамикалык ченемдерди жана метро-ритмикалык туруктуулукту сактоо аркылуу студенттин өз алдынча чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана руханий-эстетикалык муктаждыктарын арттыруу.