Новости

Улук окутуучу П. А. Мангиева «Музыкалык тарбия» боюнча илимий-усулдук доклад окуду

«Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык тарбия» темасында илимий-усулдук доклад окулду. 2026-жылдын 11-ноябрында Педагогика жана искусство факультетинин Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын улук окутуучусу П.А. Мангиева тарабынан «Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык тарбия» деген темада илимий-усулдук доклад окулду. Усулдук баяндаманын алкагында мектеп окуучуларынын инсандык калыптанышындагы актуалдуу маселелер илимий-теориялык жана практикалык өңүттөн талдоого алынып, төмөнкү негизги багыттар камтылды: • Музыканын тарбиялык потенциалы: Окуучуларга адеп-ахлактык жана эстетикалык тарбия берүүдө музыкалык искусствонун ролу жана мааниси. • Учурдагы абалды талдоо: Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык-эстетикалык тарбиялоо процессинин бүгүнкү күндөгү жагдайы. • Окуу-методикалык камсыздоо: Балдардын ар тараптан шайкеш өнүгүүсүн шарттаган «Музыка» сабагынын азыркы шарттагы абалы, колдонуудагы окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук сапаты, алардын заманбап билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештиги. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын окутуучулары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча илимий пикир алмашуулар жүрүп, мектептердеги музыкалык билим берүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди.
56 08:41 12-11-2026

                 

Новости

|< 1 >|