ОшМУнун ДКжУМБББнун 1-курс ординаторлору үчүн практикалык сабак болуп өттү
08:43
12-11-2026
204
ОшМУнун ДКжУМБББнун 1-курс ординаторлору үчүн практикалык сабак болуп өттү.Стоматология адистиктер болумунун башчысы
Эргешова Г.С Ош шаарындагы "Дента Класс" заманбап стоматологиялык клиникасында санариптик стоматология боюнча практикалык окутуу өткөрдү.
Окутуунун жүрүшүндө ординаторлор:
- санариптик диагностиканын заманбап ыкмалары менен таанышышты;
- интраоралдык сканер, 3D моделдөө жана санариптик протоколдор боюнча маалымат алышты;
- клиникалык учурларды талдап, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
Мындай практикалык сабактар келечектеги жаш адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана заманбап стоматологиянын талаптарына жооп берген дарыгерлерди даярдоого багытталган