ОшМУнун Курулуш колледжинде ДАС 1-25(9)бк тайпасы үчүн англис тили сабагынан «Some Building Professions» (Курулуш тармагындагы айрым кесиптер) темасында ачык сабак өткөрүлдү.
09:45
12-11-2026
140
АНГЛИС ТИЛИНЕН АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ!
ОшМУнун Курулуш колледжинде ДАС 1-25(9)бк тайпасы үчүн англис тили сабагынан «Some Building Professions» (Курулуш тармагындагы айрым кесиптер) темасында ачык сабак өткөрүлдү.
Ачык сабакты англис тили окутуучусу Сулейманова Жанаара жогорку деңгээлде, кызыктуу жана чыгармачылык менен уюштуруп, студенттерге өзгөчө таасир калтырган сабак өтүп берди.
Сабактын жүрүшүндө студенттер курулуш тармагындагы ар түрдүү кесиптер, алардын өзгөчөлүктөрү жана аткарган милдеттери тууралуу англис тилинде маалымат алышты. Жаңы сөздөрдү өздөштүрүп, суроо-жоопторго активдүү катышып, алган билимдерин практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдешти.
Ошондой эле сабакта интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, студенттердин англис тилинде эркин сүйлөө, өз оюн билдирүү жана кесиптик терминдерди туура колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалды.
Сабактын негизги максаты — студенттердин англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, кесиптик сөз байлыгын кеңейтүү жана келечектеги кесибине байланыштуу билимдерин чет тилинде колдонууга үйрөтүү.
Мындай ачык сабактар окутуунун сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.
Сулейманова Жанаара эжекеге чыгармачылык ийгилик, түгөнбөгөн дем-күч жана үзүрлүү эмгек каалайбыз!
Билимдүү жаштар — өлкөнүн жаркын келечеги!