Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде «Салттуу тарбиялоонун заманбап үлгүлөрү» аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү
21:26
12-11-2026
143
2026-жылдын 12-ноябрында ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Аялдар кеңешинин төрайымы Мусурманова Токтокан Жусуповна менен биргеликте студенттер үчүн «Салттуу тарбиялоонун заманбап үлгүлөрү» аттуу тарбиялык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин жүрүм-турум маданияты, адеп-ахлак нормалары, аялдар менен эркектердин ортосундагы өз ара сый-урмат, жоопкерчилик жана инсандык өнүгүү маселелери кеңири талкууланды.
Ошондой эле улуттук каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды заманбап жашоо образы менен айкалыштыруу, үй-бүлөлүк тарбиянын коомдогу орду, жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулукка жана жоопкерчиликке тарбиялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин адеп-ахлактык маданиятын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды урматтоого үйрөтүү, өз ара сый-урматка негизделген мамилени калыптандыруу жана жаштардын руханий-инсандык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү.
Мындай тарбиялык иш-чаралар келечектеги медициналык адистердин кесиптик билими менен катар адамгерчилик сапаттарын, маданиятын жана коом алдындагы жоопкерчилигин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.