Айыл чарба колледжинин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
03:09
13-11-2026
150
10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы «Манас» орденинин жана «Даңк» медалынын ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 80 жылдык мааракесине арналган «Билимге жана илимге арналган өмүр: мурас, салт жана инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга ОшМУнун Айыл чарба колледжинин директору Сарыева Салмахан Тагаевна катышып, «Кыргызстандын региондорундагы айыл чарба жерлерин рационалдуу пайдалануунун экономикалык механизмдери» аттуу темада баяндама жасады.
Конференциянын алкагында билим берүү жана илим тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, илимий тажрыйба алмашуу жана жаңы идеяларды ортого салуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындай илимий иш-чаралар билим берүү менен илимдин байланышын чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана айыл чарба тармагындагы актуалдуу маселелерди илимий негизде чечүүгө өбөлгө түзөт.