2026-жылдын 14-октябрында Финансы-юридикалык колледжинде «Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү» адистиктеринин 1–3-курсунун студент кыздары үчүн *«Коопсуз чөйрө — баланын ишенимдүү келечеги»* аттуу темада түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чараны окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматали уулу А. жана Аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А. уюштурушту.
Жыйынга Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери — милициянын майору Алымкулова Н. К. жана милициянын капитаны Джаныбаев Руслан Төрөгелдиевич катышты.
Коноктор студент кыздарга интернеттеги жана коомдук жайлардагы коопсуздук, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, адеп-ахлак, кийинүү маданияты жана ден соолукка кам көрүү боюнча маалымат беришти. Студенттердин суроолоруна жооптор берилип, коопсуз жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү.
Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коопсуз чөйрөнү калыптандырууга багытталган.
#ФинансыЮридикалыкКолледжи #Студенттер #КоопсузЧөйрө