12-ноябрда Илим күнүнө карата ОшМУнун Эл аралык жалпы билим берүү программалары колледжинде студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларды этнографиялык изилдөөлөр менен тааныштырууга багытталган иш-чара өттү.
Ардактуу конок, Тарыхый-юридикалык институттун «Жалпы тарых жана тарыхты окутуу усулу» кафедрасынын улук окутуучусу Айтбаев Тажибай Акматович кыргызстандык жана россиялык окумуштуулардын Кыргызстан менен Алтайды этнографиялык жактан изилдөө боюнча биргелешкен долбоору тууралуу лекция окуду. Ал кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын, турмуш-тиричилигин жана тарыхый-маданий мурасын изилдеген экспедицияларга өзгөчө токтолду.
Этнографиялык көргөзмөдө изилдөөлөрдүн материалдары жана жыйынтыктары көрсөтүлдү. Изилдөөлөрдүн негизинде «Кыргызстандын түштүгүндөгү этнографиялык изилдөөлөр» аттуу монография жарык көргөн. Жолугушуу студенттерге илимий иштин натыйжаларын көрүүгө, өз элинин тарыхын жана маданиятын тереңирээк таанып-билүүгө, мурасты сактоонун маанисин түшүнүүгө жана изилдөө иштерине кызыгуусун арттырууга шарт түздү.
Иш-чараны Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулары Анарбаева Д. М., Ормонова А. Т. жана Солтоев З. А. даярдашты.