Академиялык мобилдүүлүк — жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол
09:16
13-11-2026
194
2026-жылдын 16-ноябрынан тартып Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин 2-курсунун тогуз студенти академиялык мобилдүүлүк программасына катышат. Программага Чет тили бөлүмүнөн беш студент жана Котормо иши бөлүмүнөн төрт студент барат.
Студенттерди Жалал-Абад шаарындагы К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет жана Бишкек шаарындагы Бишкек инновациялык колледжи кабыл алат. Программанын алкагында алар кабыл алуучу окуу жайлардын окуу процесси менен таанышып, билимдерин тереңдетип, студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашат.
Академиялык мобилдүүлүк студенттерге өз алдынча билим алуу жана баарлашуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, кесиптик жана жеке сапаттарын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ош мамлекеттик университети академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана башка окуу жайлар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Студенттерибизге ийгиликтүү сапар, жемиштүү окуу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!