Финансы-юридикалык колледжинде конок лекция болуп өттү
11:37
13-11-2026
207
2026-жылдын 13-ноябрында ФЮКтун ФБИ бөлүмүндө конок лекция уюштурулду. КРУБдун токтомунун негизинде, мобилдүүлүк программасынын алкагында окуу жайлар жана башка ишканалар менен байланыштарды күчөтүү максатында атайын Ош шаарындагы Айыл банкынын адистери келишип студенттерге кызыктуу лекция өтүп беришти.
Конок лекция төмөндөгү темалардын алкагында жүрдү:
1. жашыл технология;
2. жаңы санариптик тиркемелер же жаңы банк продуктылары ж.б.
Конок лекцияны Ош шаарындагы “Айыл” банкынын директору К.Ч. Айбашованын сунушу менен төмөндөгү адистер өтүп беришти:Сулайманов Жыргал Токторбаевич –кредиттик бөлүмдүн башкы адиси;Мусаева Жасмина Бактыбековна- кредиттик бөлүмдүн адиси;Абдураш кызы Эркингүл- кардарларды тейлөө боюнча башкы адис.
Окутуучулар жана студенттер үчүн абдан баалуу маалыматтар айтылып, талкуу кызуу жүрдү. Жыйынтыгында, активдүү катышкан студенттерге белектер берилди.
Уюштуруучу: ФБИ бөлүмүнүн окутуучусу, э.и.к. Ж.К.Райимбердиева