«Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XIII аймактык студенттик-илимий конференциянын алкагында кафедралык конференция болуп өттү.
16:11
13-11-2026
71
“Илим күнүнө” карата өткөрүлгөн кафедралык конференция
«Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу» кафедрасында 2026-жылдын 12-ноябрь күнү «10-ноябрь Кыргыз республикасынын «Илим күнүнө» карата жана «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XIII аймактык студенттик-илимий конференциянын алкагында кафедралык конференция болуп өттү.
Конференцияга кафедра окутуучуларынын жетекчилиги алдында жасалган медицина факультетинин 3-жана 4 -курсунун студенттеринин төмөнкү илимий-изилдөө иштери доклад жана презентация түрүндө каралды:
Жюри катары чакыртылган КРнын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы Аскер госпиталы – “34594” Аскер бөлүгүнүн аскер- дарыгерлери камдагы полковник Курманкулов А.Ш. жана камдагы подполковник Бекиев К.М. өздөрүнүн калыс бааларын беришти жана төмөнкү студенттер 1-2- жана 3-даражадагы Дипломдордун ээлери болуп, 16.11.2026-жылы Медицина факультетинде өтүүчү “ХХХI илимий -студенттик конференцияга” жолдомо алышты:
1. Усманов Абдулатиф, Лб 4-24, 3-курс.
Тема: Влияние характера современных вооруженных конфликтов на структуру санитарных потерь.
Илимий жетекчиси: доцент Орозматов Т.Т.
2. Убайдуллаев Дастан, Лк 12-24, 3-курс.
Тема: Гипертоническая болезнь среди военнослужащих Кыргызской Республики: факторы риска и профилактика.
Илимий жетекчиси: окутуучу Кулданова А.У
3. Арзыбаева Хайтхон, Ст 15-23, 4-курс.
Тема: Массивная кровопотеря в боевых условиях: механизмы развития, клинические проявления и принципы оказания первой помощи.
Илимий жетекчиси: окутуучу Жусупбаев Н.А.
Жыйынтыгында конференцияга катышкан бардык студенттерге Сертификаттар берилип, жакшы каалоолор айтылды.