ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Кытайда өткөн GLAST 2026 глобалдык форумуна катышты
06:38
14-11-2026
142
ТИМ кафедрасынын улук окутуучусу Эльмира Мидинова ОшМУнун делегациясынын курамында 2026-жылдын 1–4-ноябрында Кытай Эл Республикасынын Санья шаарында өткөн Айыл чарба илими жана технологиялары жаатындагы лидерлердин VIII глобалдык форумуна (GLAST 2026) катышты.
Форумдун алкагында эл аралык жолугушуулар өткөрүлүп, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, анын ичинде ОшМУнун «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы Өсүмдүктөрдү коргоо альянсы (BRI) жана Панборбордук Азия айыл чарба илими жана технологиялык инновациялар альянсы (PCAASTIA) менен агрардык инновациялар жаатында өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.