2026-жылдын 13-ноябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин базасында II Евразиялык мультидисциплинардык конференция болуп өттү.
15:18
14-11-2026
138
2026-жылдын 13-ноябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин базасында «Медицина илими саламаттыкты сактоонун кызматында: математикалык моделдөө, фундаменталдык илим жана клиникалык инновациялар» аттуу II Евразиялык мультидисциплинардык конференция болуп өттү.
Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин 2 клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Муктарали кызы Бегимай катышып, «Кесарево жолу менен төрөлгөн ымыркайлардагы транзитордук тахипноэнин клиникалык жүрүшү жана респиратордук колдоонун өзгөчөлүктөрү (клиникалык учурдун мисалында)» деген темада илимий баяндама жасады.