Жанылыктар

МФТИТ ИНСТИТУТУНУН «The OshSU Times» КОМАНДАСЫ – I ОРУНДУН ЭЭСИ!

Ош шаарында өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форумунун алкагындагы интеллектуалдык оюнда Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун «The OshSU Times» командасы I орунду жеңип алды!
Интеллектуалдык таймашка Ош шаарындагы ОшМУ, ОшТУ, ОшКУ, ОшМПУ жогорку окуу жайларынан жалпы 17 команда катышып, өз билимдерин жана интеллектуалдык дараметин сынашты.
Жеңишке жеткен «The OshSU Times» командасынын курамы:
1. Абдимиталова Айтунук (ПИА-1-25)
2. Жангазыев Байтик (ПИА-1-25)
3. Камчиева Анара (ПИЭ-1-25)
4. Турдиматова Азада (ИЗ-1-25)
5. Пахирдинова Гүлкайыр
Бул жеңиш – студенттерибиздин терең билиминин, интеллектуалдык потенциалынын, командалык биримдигинин жана тынымсыз изденүүсүнүн натыйжасы.
МФТИТ – билимдүү, демилгелүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдаган институт!
Жеңүүчү командабызды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
236 08:46 16-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|