Ош шаарында «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форумунун
алкагында уюштурулган TechnoFest жаш ойлоп табуучулар сынагында ОшМУнун
МФТИТ институтунун студенттери бардык алдыңкы орундарды ээлеп, жогорку
жыйынтык көрсөтүштү.
Аталган сынакка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери
катышып, өздөрүнүн инновациялык идеяларын, ойлоп табууларын жана
чыгармачылык долбоорлорун сунушташты.
Сынактын жыйынтыгында МФТИТ институтунун студенттери 1-, 2- жана
3-орунду тең багындырып, институттун, университеттин атын татыктуу
коргошту!
1-ОРУН: Абайдиллаев Гүлжигит, Робототехника жана ЖИ адистиги 3- курс.
Долбоорунун темасы: Акылдуу дрон. Акылдуу ферма;
2-ОРУН: Камалова Сайкал КМИ адистиги, 3-курс.
Долбоорунун темасы: SkyGround AI;
3-ОРУН
Орозбеков Бекболсун Графикалык дизайн, 4-курс.
Долбоорунун темасы: Күрүчтү паротермикалык иштетүү процессинин
интерактивдүү санариптик прототиби.
Жеңүүчүлөрдү жана аларды даярдаган окутуучуларды чын жүрөктөн
куттуктайбыз!
МФТИТ — билим, илим, технология жана инновациянын борбору!











