Haber

ОшМУнун окутуучусу Кытайда лекция өтүүдө!

МФТИТ институтунун Next Generation Hubынын директору, окутуучу Тилек Умаров Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Guangdong Polytechnic of Industry and Commerce (广东工贸职业技术学院) окуу жайында чакырылган окутуучу катары студенттерге лекция жана окутуучуларга семинар өтүүдө.
Иш сапар 1 семестрге пландалган, анын алкагында машина куруу жана автоматташтыруу багытында билим алып жаткан студенттерге «Инновация жана инновациялык технологиялар» боюнча лекциялар өтүлүүдө.
Мындан тышкары, кытайлык кесиптештер менен робототехника адистиги боюнча окуу пландарын жана билим берүү программаларын талкуулоо, окутуунун мазмунун өркүндөтүү, теориялык билимди практикалык даярдык менен айкалыштыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле окуу жайдын окутуучулары үчүн Робототехника жана жасалма интеллект боюнча семинарлар өткөрүлүүдө.
ОшМУ — эл аралык билим берүү, илим жана инновация мейкиндигинде!
214 09:52 16-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|