Фергана шаары, Өзбекстан
2026-жылдын 11–12-ноябрында Фергана мамлекеттик техникалык
университетинде «Жасалма интеллекттин негизинде акылдуу санариптик
системалардын илимий жана инновациялык чечимдери» аттуу республикалык
илимий-практикалык конференция өттү.
Конференцияга ОшМУнун МФТИТ институтунун Информациялык системалар жана
программалоо кафедрасынын окутуучулары катышты:
Аркабаев Н. К. – ф.-м. и. к., доцент;
Жалилов А. А. – улук окутуучу;
Пакал уулу Д. – окутуучу.
Окутуучулар илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча пленардык жыйында
доклад жасап, жасалма интеллект, машиналык үйрөнүү, программалык
инженерия жана санариптик технологиялар багытында пикир алмашышты.
Конференция илимий байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эл
аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.











