ЭББПКнын окутуучулары К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте конок лекцияларды өтүшүүдө.
10:22
16-11-2026
109
ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (ЭББПК) Чет тили бөлүмүнүн окутуучулары Кадырова Зыйнат жана Жуманова Жыпара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад (Манас) шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетине иш сапары менен барышты.
Сапардын жүрүшүндө окутуучулар аталган окуу жайдын студенттери жана кесиптештери үчүн заманбап окутуу усулдары боюнча конок лекцияларды жана мастер-класстарды өтүшүүдө. Бул иш-чара жогорку окуу жайлар ортосундагы тажрыйба алмашууну чыңдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.