ЭСТЕН ЧЫГАРБОО ҮЧҮН ЭСТЕ САКТОО: репрессиялардын курмандыктарынын массалык көмүлгөн жерине тарыхый экскурсия.
13:04
17-11-2026
170
14-ноябрь 2026-жылы мөөнөтүндө Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү ПЦКнын окутуучулары Анарбаева Д.М. жана Ормонова А.Т. Эл аралык билим берүү программалары колледжинин АЯс-11-1-26 жана АЯс-9-2,3-25 тайпаларынын студенттери менен биргеликте, «Улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун фактору катары тарыхый эс тутум» темасын окуп-үйрөнүүнүн алкагында Өзгөн районунда жайгашкан «Кекилик-Учар бейити» мемориалдык комплексине барышты.
Бул жерде совет доорундагы репрессия жылдарында курман болгондор жапырт коюлган мүрзө жайгашкан. Кийинчерээк бул жай эстелик комплекске айландырылып, курман болгондорду эскерүү борборуна катары кеңейтилген. Тарыхый-таанып-билүүчүлүк жана патриоттук экскурсия тарыхый эс тутумду сактоонун, жарандык жоопкерчилик сезимин, мекенчилдикти жана өз элинин тарыхый өткөнүнө болгон урмат-сыйды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.