Ноябрь, 2026. Кафедранын окутуучулары эл аралык илимий конференцияга онлайн форматта катышышты.
03:27
18-11-2026
137
АГНФ кафедрасынын улук окутуучусу Нуруев М.К жана окутуучусу Алимбекова Айпери профессор В. И. Дробышевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Фундаменталдык жана прикладдык медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери» аттуу эл аралык илимий конференцияга онлайн форматта катышып, илимий баяндама жасашты.Алар конференциянын алкагында «Кыргызстандын айылдык жана шаардык аймактарында жашаган өспүрүм курактагы жигиттердин фазалык бурчунун салыштырма мүнөздөмөсү» деген темада баяндама сунушташты.Иш-чара илимий тажрыйба алмашууга, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулоого жана медициналык илим тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.