News

Чыгыш таануу институтунда 1-курска кабыл алынган студенттер, магистранттар үчүн "Адаптациялык жумалык" башталды

8-сентябрь, 2026-жыл. Чыгыш таануу институтунда 1-курска кабыл алынган студенттер, магистранттар үчүн "Адаптациялык жумалык" башталды. Адаптациялык жумалыкты Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев ачып, Ош мамлекеттик университети жана Чыгыш таануу институту тууралуу маалымат берип, студенттерге ийгиликтерди каалады. "Адаптациялык жумалыктын" биринчи күнүндө студенттер жана магистранттар үчүн негизги чыгыш (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси) жана экинчи чет тили (англис, немис, француз) тилдерин окутуучулар презентация жасашып, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Презентациядан соң студенттер 4 жыл боюу окуй турган негизги чыгыш тилин жана экинчи чет тилин тандашты. Чыгыш таануу институтунда төмөнкү адистиктер боюнча билим берилет: 1. "Чыгыш таануу, африка таануу". Биринчи профили - "Чыгыш өлкөлөрүнүн тилдери жана дипломатиясы"; Экинчи профили - "Чыгыштын тарыхы - чыгыш тилдерин окутуу менен"; 2. "Лингвистика". Профили - "Котормо жана котормо таануу: чыгыш тилдери"; 3. "Филология". Профили - "Чыгыш тилдерин окутуунун методикасы"; 4. "Конфликтология". Профили - "Жалпы конфликтология".
129 10:21 18-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|