«Илим жумалыгы – 2026» конференциясында илимий жана клиникалык изилдөө методдорун окуп жаткан студенттер ийгиликтүү катышышты
13:21
18-11-2026
126
«Илим жумалыгы – 2026» иш-чарасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин студенттери Камран Хан жана Мойнуддин Курейши илимий конференцияга активдүү катышып, заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүн сунуштап, байгелүү орундарга ээ болушту.
Илимий баяндамалардын темалары:
Мойнуддин Курейши — «Time Management Skills and Academic Success: Correlation» (Убакытты башкаруу көндүмдөрү менен академиялык жетишкендиктердин ортосундагы өз ара байланыш).
Камран Хан — «Impact of AI on Reducing Inequality in Access to Education» (Жасалма интеллекттин билим алууга жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти азайтууга тийгизген таасири).
Студенттердин илимий жетекчиси — ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин Табигый илимдер жана математика кафедрасынын доценти Базиева Алия Мансуровна «Мыкты илимий жетекчи» сыйлыгына татыктуу болду.
Студенттердин ийгиликтүү катышуусу «Илимий жана клиникалык изилдөө методдору» (MSCR) дисциплинасынын алкагында илимий-изилдөө компетенцияларын калыптандыруунун маанилүүлүгүн көрсөтөт.