Жанылыктар

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК – БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!

2026-жылдын 17-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Орус тилинин магистрлери – 2026» эл аралык сынагынын финалисти Зарубина Ирина Михайловна кесиптик практика баштады. Ал сынактын финалисттеринин төртөөсүнүн катарына кирип, Ош шаарындагы алдыңкы билим берүү мекемелеринде тажрыйба алмашуу максатында практикадан өтүүдө. Ирина Михайловна Н. А. Добролюбов атындагы Нижегород мамлекеттик лингвистикалык университетин «Орус тилин чет тили катары окутуу» багыты боюнча окууну аяктаган. Учурда Москва шаарындагы А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунун магистратурасында билим алып, орус тилин чет тили катары окутуу жана маданияттар аралык коммуникация багытында изилдөө жүргүзүүдө. Практиканын алкагында ал колледждин окутуучулары жана студенттери менен кесиптик тажрыйба алмашып, орус тилин окутуунун заманбап усулдары жана инновациялык технологиялары менен бөлүшөт. Бул иш-чара эл аралык билим берүү байланыштарын чыңдоого, педагогикалык тажрыйба алмашууга жана кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Колледждин жамааты Ирина Михайловнага ийгиликтүү практика, жаңы кесиптик жетишкендиктерди жана чыгармачылык изденүүлөрдү каалайт!
170 15:44 18-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|