Haber

Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Табият таануу бөлүмүнүн окутуучусу Кудайберди кызы Зейнегүл Айыл чарба колледжинин “Кесипке багыт берүү” ПЦКсынын “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун (концепциясынын) алкагында “Экологиялык азык-түлүк коопсуздугу — дени сак жашоонун уңгусу” деген темада ветеринария жана агрономия адистиктеринин 1-2-курстарына конок лекция өтүп келди. Лекцияда экологиялык таза жана коопсуз азык-түлүктүн адам ден соолугу үчүн мааниси, туура тамактануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана сергек жашоо образы тууралуу маалыматтар берилип, иш-чара студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду. Конок лекция студенттердин аң-сезимин жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого, дени сак жашоо маданиятын калыптандырууга жана “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун идеяларын турмушта ишке ашырууга багытталды.
161 16:30 18-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|