Өзгөн шаарындагы тарыхый-архитектуралык музей комплексинде сабак-экскурсия өткөрүлдү
2026-жылдын 30-октябрында ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин 9 базанын 2-курсунда окуган ФКК-1-25 жана ФКК-2-25 тайпаларынын студенттери үчүн «Ата Мекен тарыхы, улуттук баалуулук жана маданият» предметинин алкагында сабак-экскурсия уюштурулду.
Сабакты аталган предметтин окутуучусу Н.К. Токторова өткөрүп, анын жүрүшүндө 6-тема — «Маданий мурас улуттук баалуулуктардын негизи катары» Өзгөн шаарындагы тарыхый-архитектуралык музей комплексинде практикалык негизде түшүндүрүлдү.
Экскурсиянын негизги максаты — студенттерге окуу материалын жеткиликтүү жана түшүнүктүү жеткирүү, теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу, тарыхый эстеликтер аркылуу улуттук маданий мурастын маанисин терең түшүндүрүү болду.
Экскурсия учурунда студенттер Өзгөн мунарасы жана архитектуралык музей комплексинин тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, тарыхый-маданий мааниси менен жакындан таанышышты. Тарыхый эстеликтерди өз көздөрү менен көрүү аркылуу алган билимдерин бекемдеп, ата-бабалардан калган баа жеткис мурастарды сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү зарылдыгын түшүнүштү.
Мындай сабак-экскурсиялар студенттердин тарыхый аң-сезимин, мекенчилдик сезимин, улуттук сыймыгын жана маданий мураска болгон урмат-сыйын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле теория менен практиканын байланышын чыңдап, предметтер аралык байланышты бекемдөөгө шарт түзөт.
Тарыхты билүү — өткөндү урматтоо, маданий мурасты сактоо — келечек муун алдындагы жоопкерчилик!