ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө арналган конок лекциясы өттү.
16:44
18-11-2026
175
2026-жылдын 26-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши бөлүмүнүн башчысы, доцент О. Э. Абдрахмановдун жана окутуучу Г. А. Таабалдиеванын демилгеси менен «Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө» карата «Компаньон» банкынын адистеринин катышуусунда конок лекция уюштурулду.
Иш-чарага колледждин 3-курсунун «Финансы (тармактар боюнча)» жана «Банк иши» адистиктеринин студенттери катышты.
Конок лекция интерактивдүү оюндар менен коштолуп, студенттерге финансылык сабаттуулук, акча топтоо маданияты жана банк тармагына байланыштуу кызыктуу, пайдалуу маалыматтар берилди.
Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана келечектеги кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чараны уюштурууга жана кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүүгө салым кошкон «Компаньон» банкынын адистерине терең ыраазычылык билдиребиз!