2026-жылдын 9-ноябрында Жаштар күнүнө карата Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Бизнес форумга» Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучулары Г. А. Таабалдиева жана Т. Сооронбек кызы 2–3-курстун «Финансы (тармактар боюнча)» жана «Банк иши» адистиктеринин студенттерин алып барышты.
Бизнес форумдун жүрүшүндө студенттер белгилүү ишкерлер, бизнес өкүлдөрү жана өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү, ишкердик тажрыйбасы жана бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.
Ошондой эле форумдун алкагында ишкерлер өздөрүнүн бизнес-долбоорлорун презентация аркылуу тааныштырып, ийгиликтүү ишкердик жолдору, жаңы идеялар жана заманбап бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүштү.
Иш-чара студенттер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, алардын ишкердикке болгон кызыгуусун арттырууга, жаңы идеяларды жаратууга жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого чоң өбөлгө түздү.