Haber

Финансы-юридикалык колледжинин студенттери ОшМУнун Бизнес-паркына дуалдык окутууга барышты.

Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучулары Г. А. Таабалдиева жана Т. Сооронбек кызы тарабынан дуалдык окутуунун алкагында 3-курстун «Финансы (тармактар боюнча)» жана «Банк иши» адистиктеринин студенттери үчүн Ош мамлекеттик университетинин Бизнес-паркына дуалдык окутуу уюштурулду . Иш-чара «Бизнести пландоо» жана «Ишкердүүлүктүн негиздери» дисциплиналарынын алкагында өткөрүлдү. Бизнес-парктын адистери студенттерге кызыктуу презентацияларды тартуулап, ишкердикти өнүктүрүү, бизнес-идеяларды ишке ашыруу, стартап-долбоорлорду түзүү жана аларды өнүктүрүү боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Дуалдык окутуунун жүрүшүндө студенттер заманбап ишкердик чөйрөсү, жаңы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ишкердик демилгелер тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Мындай дуалдык окутуулар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, ишкердик ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана келечектеги кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
74 17:00 18-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|