11-сентябрь күнү Кытайдын Пекин шаарындагы Кытай коомдук илимдер академиясынан Син Гуанчен баштаган атайын делегация Ош мамлекеттик университетине келип, окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент Курсантбек Аттокуровдун кабыл алуусунда болуп, окуу жай тууралуу жалпы маалымат алгандан соң, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев Чыгыш таануу институту менен кеңири тааныштырып, ал жерде кыргыз-кытай байланыштарынын учурдагы абалы, келечеги, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык маарекесинин жыйынтыктары жана
түрк цивилизациясы тууралуу талкуу өткөрүштү.
Талкуунун соңунда Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев Син Гуанчен баштаган делегациянын мүчөлөрүнө өзүнүн илимий эмгегин белекке берди.
Андан соң, Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары фонду менен жакындан таанышышып, фонддун жетекчиси, профессор Байболот Абытов менен эки тараптуу кызматташуу, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү ж.б. боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Маалымат ирээтинде айта турган болсок,
учурда, Чыгыш таануу институтунда 200гө жакын студенттер кытай тилин, маданиятын, тарыхын, экономикасын, ички жана тышкы саясатын окуп жатышса, алардын ичинен 4 студент Кытайдын Циндао шаарында академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатышат.
Чыгыш таануу институтунда "Кытай тили жана маданияты" борбору активдүү иш алып барат.