Жанылыктар

Эл аралык медициналык факультетте «Күз – 2026» студенттик илимий конференциясы өттү

2026-жылдын 18-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинде «Autumn in IMF – 2026» студенттик илимий конференциясы өттү. Иш-чара Илим жумалыгынын алкагында уюштурулуп, жаш изилдөөчүлөрдүн илимий жетишкендиктерин көрсөтүүчү маанилүү аянтча болду.

Конференцияга факультеттин студенттери, магистранттары жана PhD докторанттары катышты. Иш-чарага өзгөчө жаңылык киргизип, ISK мектебинин 11-класс окуучусу да өз илимий ишин студенттер менен катар тааныштырды. Бул илимге болгон кызыгуу мектеп курагында эле пайда боло баштаарын көрсөтөт.

Конференцияда 70тен ашык доклад угулду. Баяндамалар үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды. Мындай тилдик ар түрдүүлүк факультеттин эл аралык мүнөзүн чагылдырып, катышуучуларга изилдөө натыйжаларын тааныштырууга гана эмес, көп тилдүү чөйрөдө илимий баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк берди.

«Autumn in IMF» конференциясы студенттердин изилдөөчүлүк компетенцияларын өнүктүрүүгө, илимий талкуу маданиятын калыптандырууга жана факультеттин академиялык коомчулугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Бардык катышуучуларды куттуктайбыз жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!
116 05:49 19-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|