Haber

Чыгыш таануу институтунда "Билим күнү" белгиленип, 2026-2027-окуу жылы официалдуу башталды.

15-сентябрь, 2026-жыл. Чыгыш таануу институтунда "Билим күнү" белгиленип, 2026-2027-окуу жылы официалдуу башталды. Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев "Билим күнүнө" арналган салтанаттуу иш-чараны ачып, КРнын мамлекеттик гимни ойнолду. Андан соң, Ош мамлекеттик университетинин илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Д.А. Турсунов ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобековдун жана өзүнүн атынан Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин "Билим күнү" менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, профессор Байболот Абытов дагы кесиптештерибизди жана студенттерибизди "Билим күнү" менен куттуктап, ийгиликтерди каалады!
66 05:53 19-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|