Новости

ОшМУнун карьера жана бизнес өнөктөштүк борбору электрондук практиканы колдонуу бонча түшүндүрүү жыйыны

STEM инновациялык колледжинде электрондук күндөлүктү колдонуу боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү

2026-жылдын 19-ноябрында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде электрондук күндөлүктү колдонуу тартиби боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында ОшМУнун Карьера жана бизнес өнөктөштүк борборунун башкы адиси Маткалыков Азирет-Али Салайдинбекович электрондук күндөлүктүн иштөө тартиби, негизги мүмкүнчүлүктөрү жана аны практика жетекчилеринин ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле электрондук күндөлүк менен иштөөдө эске алынуучу маанилүү жагдайларга токтолуп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Иш-чарага бөлүм башчы Кубатов Нурлан Кушбакович, колледждин практика жетекчиси Касымова З.С. жана бардык практика жетекчилери катышышты.

Жыйындын негизги максаты — электрондук күндөлүктү колдонуу боюнча кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык иштерди санариптештирүү жана студенттердин практика процессине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттыруу болду.
147 08:45 19-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|