Новости

ОшМунун СТЕМ инновационный колледже студенттер менен тегерек стол болуп өттү

ОшМунун СТЕМ инновационный колледже Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө жана 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына карата студенттердин катышуусунда «Үркүн – 110 жыл: тарыйый эс тутум, улуттук и денттүлүк жана келечек муундун жоопкерчилиги» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизгиаты макс — 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыйый маанисин терең түшүндүрүү, ата-бабалардын басып өткөн оор жолун эскерүү, жаш муундун тарыйый аң-сезимин жана улуттук иденттүүлүгүн Калыптандыруу, Мекенчилдик Сезимин Арттыруу. Иш-чараны тарбия иштери боюнча кирдун орун басары Шералы уулу Нурбек агай ачып берди.
Тегерек стола уюштурган окутуучулар: Төлөбаев П., Кудайбердиев С. Жана Мамитова М.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Үркүн окуясынын келип чыгуу себептери, 1916- жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жүрүшү, кыргыз элинин башынан өткөргөн оор трагедия, анын демографиялык жана социалдык кесепеттери, ошондой эле сталиндик репрессиянын курмандыктары жана тарыхый эс тутумду сактоонун мааниси тууралуу даярдаган баяндамаларын тартуулашты.
Студенттердин баяндамалары тарыхые факты, изилдөөлөргө жана архивдик маалыматтарга негизделип, катышуучулар арасында мазмунду пикир алмашууларды жаратты. Тегерек столдо тарыхты билүү — өткөндү эскерүү гана эмес, андан сабак алып, келечек муундун алдында жоопкерчиликти сезүү экендиги өзгөчө белгиленди.
Иш-чаранын соңунда мазмундуу баяндамаларды жасаган студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындай иш-чаралар жаштардын тарыхый эс тутумун бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого, мекенчилдик сезимин өнүктүрүүгө жана тарыхый чындыкты кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошот.
Өткөндү унутуу — келечекти жоготуу.
Тарыхты билүү — улуттун милдети!
27 08:59 19-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|