Новости

Польшалык профессор, тарыхчы-антрополог Иван Олегович Пешков Чыгыш таануу институтунун студенттерине лекция окуду

16-октябрь, 2026-жыл. Польшалык профессор, тарыхчы-антрополог Иван Олегович Пешков Чыгыш таануу институтунун студенттерине лекция окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев Польшалык конокко Ош мамлекеттик университети жана Чыгыш таануу институту тууралуу кеңири маалымат берип, келечекте Польшанын Познань университети менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Иван Пешков андан соң Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров жана "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, профессор Байболот Абытов менен жоолугушуп сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
24 09:17 19-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|