20-октябрь, 2026-жыл.
20-октябрь күнү Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети Россия Илимдер Академиясынын Сибир бөлүмүнүн Тарых институту менен биргеликте “Национальное строительство и национальная политика в СССР: современное прочтение исторического опыта” - аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өттү. Конференцияга РФ жоон топ делегация, Азербайжан, Казахстан, Таджикистан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдүн окумуштуулары катышууда.
Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин атынан Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, чыгыш таануу кафедрасынын профессору Байболот Абытов бир топ талаш-тартышка, талкууга туш болгон “Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясы: даярдалышы жана саясий шарттары” - “Первая Конституция Кыргызской АССР: проблемы разработки и политические условия” - аттуу илимий баяндама жасады.
Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз!