ОшМУнун STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЖАШТАРДЫН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА
МААЛЫМАТТЫК-ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
2026-жылдын 19-ноябрында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде студенттердин
укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жаштар арасында укук бузуулардын,
баңгизаттарды колдонуунун жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу
максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө
каршы күрөшүү кызматынын улук өкүлү, милициянын подполковниги Жапакова
Гульмира Жүзүбалыевна катышып, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы
күрөшүү, жаштарды мыйзамсыз аракеттерге тартуунун алдын алуу жана укуктук
жоопкерчилик маселелери боюнча баяндама жасады.
Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун наркология бөлүмүнүн
башчысы Атабаев Бакытбек Таштемиpович баңгизаттардын адамдын ден соолугуна
жана психикасына тийгизген терс таасирлери, көз карандылыктын алдын алуу
жана сергек жашоо образын калыптандыруу тууралуу маалымат берди.
Ош шаарынын ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кибер кылмыштарга каршы күрөшүү
боюнча бөлүмүнүн улук өкүлү, милициянын капитаны Аликулов Азамат
киберкоопсуздук, интернет алдамчылыгы, жеке маалыматтарды коргоо жана
социалдык тармактардагы коркунучтар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу «Үй-бүлөгө жана балдарга
жардам берүү» борборунун психологу Абдуллаева Бегимай Пирматовна
өспүрүмдөрдүн психологиялык саламаттыгы, стресстин жана буллингдин алдын
алуу, ошондой эле жаштарга өз убагында психологиялык жардам көрсөтүүнүн
маанилүүлүгүнө токтолду.
Ал эми ОшМУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек
студенттердин укуктук маданияты, коомдук тартипти сактоо жана коопсуз билим
берүү чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча сөз сүйлөдү.
Жолугушуунун соңунда студенттер адистерге суроолорун берип, өздөрүн
кызыктырган маселелер боюнча жоопторду жана пайдалуу кеңештерди алышты.
Иш-чара жаштардын укуктук жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга,
сергек жашоо образын жайылтууга жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн
калыптандырууга багытталды.
Колледждин администрациясы студенттердин коопсуз келечеги үчүн салым кошкон
бардык конокторго ыраазычылык билдирет!











