ОшМУнун Курулуш колледжинде улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабадан калган каада-салттарды жана үрп-адаттарды жаш муундардын аң-сезимине сиңирүү максатында мазмундуу иш-чара өткөрүлдү.
03:13
20-11-2026
123
«УЛУТТУК НАРК — УЛУТТУН АСЫЛ БАЙЛЫГЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ!
ОшМУнун Курулуш колледжинде улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабадан калган каада-салттарды, үрп-адаттарды жана маданий мурастарды жаш муундардын аң-сезимине сиңирүү максатында «Улуттук нарк — улуттун асыл байлыгы» аттуу мазмундуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Ош мамлекеттик университетинен өкүлдөр келип, улуттук нарктын коомдогу орду, элибиздин руханий мурастары жана улуттук баалуулуктарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүнүн мааниси тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш колледжинин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович жана ОшМУдан келген коноктор сөз сүйлөп, улуттук наркты урматтоо, каада-салтты сактоо жана жаштарды мекенчилдикке, ыймандуулукка, улууларды сыйлоого тарбиялоо ар бирибиздин милдетибиз экенин белгилешти.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз элинин меймандостугун, дасторкон маданиятын жана улуттук салт-санаасын чагылдырган сый дасторкон жайылып, ардактуу коноктор кыргыздын улуттук даамдарынан ооз тийишти. Бул өз кезегинде элибиздин меймандостук салтын даңазалаган жагымдуу маанай тартуулады.
Иш-чара жогорку деңгээлде, жылуу маанайда өтүп, катышуучуларга терең таасир калтырды.
Улуттук наркты сактоо — өткөндү урматтоо, бүгүнкүнү баалоо жана келечек муунга руханий байлык калтыруу!
Улуттук наркыбыз — улутубуздун жүзү, руханий байлыгыбыз — келечегибиздин негизи!