Жанылыктар

Айыл чарба колледжи аймактардагы кесиптик билим берүүчү лицейлер менен тыгыз иш алып барууда.

Ош МУнун айыл чарба колледжи аймактардагы кесиптик билим берүүчү лицейлер менен тыгыз иш алып барууда. ОшМУнун Айыл чарба колледжинин ветеринария адистиги Ноокаттагы 54-кесиптик лицей менен окутуу, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана келечектеги адистикке багыт алуу багыттарында көрүнүктүү иштерди жасап келүүдө. Кезектеги иш чара 2026-жылдын 14-ноябрында ишке ашырылып, анда 54-кесиптик лицейинин окутуучуларына жана студенттерине «Ветеринардык адистердин коомдогу орду» деген темада тегерек үстөл болуп, окуучулар менен ОшМУнун Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин окутуучулары ортосунда кызуу талкуу менен коштолду. Жолугушуунун 2-бөлүгүндө практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу максатында кесиптик лицейдин ветеринария адистигинин студенттеринин катышуусунда ценуроз менен жабыркаган койго операция, тоют сиңирүү сисстемасы жабыркаган уйга керектүү даары дармектерди берүү жана бооз уйларга, жылкыларга УЗИ жасалып, студенттердин бүйүрү кызыды. Иш чаранын жыйынтыгында кесиптик лицейдин жетекчилиги ОшМУнун жетекчилигине, Айыл чарба колледжинин жетекчилигине жана иш чарага катышкан Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин окутуучуларына терең ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы тыгыз кызматашуу кесиптик лицей үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилешти.
110 03:58 20-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|