STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ!
2026-жылдын 16-ноябрында STEM инновациялык колледжинде 17-ноябрь — Эл аралык
студенттер күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин майрамдык маанайын көтөрүү,
алардын талантын, чыгармачылыгын жана жөндөмдөрүн даңазалоо, ошондой эле
студенттик жашоонун өзгөчө баалуулуктарын көрсөтүү болду.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап,
кызыктуу оюн-зоокторго жана ар кандай сынактарга катышып, өзгөчө маанай
тартуулашты.
Студенттик курак — билимге умтулуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, достук жана
унутулгус көз ирмемдерге бай өзгөчө мезгил.
STEM инновациялык колледжинин жалпы жамаатын жана бардык студенттерди Эл
аралык студенттер күнү менен куттуктайбыз! Ар бириңиздерге жаркын келечек,
бийик максаттар, ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
Студенттик жылдар — эң сонун мүмкүнчүлүктөрдүн башаты!











