2026-жылдын 18-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинде (ЭМФ) «2026 Autumn in IMF» аттуу студенттик илимий конференция уюштурулду. Иш-чарага Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Кос-Мира Ажимаматовна Джеенбаеванын илимий жетекчилиги алдында студент Акаш Джайсвал (Akash Jaiswal) да активдүү катышты. Ал конференцияда «Vowel-Harmony-Conditioned Allophony of К/ Г and Variability of /Ж/ in Kyrgyz» («Кыргыз тилиндеги к/г тыбыштарынын үндөштүк мыйзамына байланыштуу аллофониясы жана /ж/ тыбышынын вариативдүүлүгү») деген темада мазмундуу баяндама жасап, кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн илимий өңүттөн талдап берди. Жыйынтыгында Акаш Джайсвалга конференцияга активдүү катышкандыгы үчүн атайын сертификат тапшырылды.