News

18-ноябрь мобилдүүлүк боюнча маалыматтык
жолугушуу болуп өттү.

2026-жылдын 18-ноябрь күнү STEM инновациялык колледжинин студенттери менен Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн координаторлору З.Б. Рахимова,
К.А.Кылычбекова, М.Т.Таирбекова академиялык мобилдүүлүк боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрдү. Жолугушууну уюштурууда жана өткөрүүдө STEM инновациялык колледжинин Эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары б.и.к. Маметова Кызбурак Кожоевна менен биргелешип уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизги багыттары, катышуу шарттары жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле чет өлкөдө академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында билим алып жаткан ОшМУнун студенттеринин тажрыйбасын чагылдырган видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Маалыматтык жолугушуулар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышууда.

Мындай жолугушуулар студенттердин академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга жана алардын эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.
106 05:56 20-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|