Ташкент шаарында Борбордук Азия эл аралык билим берүү форуму өттү.
08:11
20-11-2026
134
28-октябрь, 2026-жыл.
Ташкент шаарында
Борбордук Азия эл аралык билим берүү форуму өттү.
Форумдун алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети менен кызматташуу боюнча келишимге кол койду.
Форумга Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, илимий иштер боюнча проректору Дилмурат Турсуновдор катышты.
Форумда ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков билим берүү жаатында атайын презентация жасады.