Новости

Ташкент шаары, Өзбекстан Республикасы.

28-октябрь, 2026-жыл. Ташкент шаары, Өзбекстан Республикасы. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров Ташкент шаарындагы Абу Райхон Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун директору Комилжон Рахимовдун кабыл алуусунда болушуп, аталган институт менен жакындан таанышышып, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөргө ылайык Абу Райхон Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун кызматкерлери Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондундагы 100гө жакын чагатай, фарси жана араб тилдериндеги кол жазмаларды кыргыз тилине которуп, кол жазмалардын катологун түзүүгө көмөктөшөөрлөрүн убадалашты. Маалымат ирээтинде. Учурда, Ташкент шаарындагы Абу Райхон Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда 100 миңден ашуун чагатай, фарси, араб жана айрым кытай тилиндеги кол жазмалары сакталып турат.
116 08:21 20-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|